Экономика жана социалдык чөйрө
Калк
- Туруктуу калктын саны: 58 476 адам
- Эркектер: 29 638; Аялдар: 28 838
- Эмгекке жарамдуу курактан кичүүлөр (0–15 жаш): 17 506
- Эмгекке жарамдуу калк: 36 384 (эркектер 19 115, аялдар 17 269)
- Эмгекке жарамдуу курактан улуулар: 4 431
Социалдык сектор
- Жашоо минимуму: 2 460 сом
- Жакырчылыктын деңгээли: 18,25%
- Социалдык жактан аярлуу катмар: 1 715 адам (анын ичинде майыптар – 223, майып балдар – 1 430)
- Расмий катталган жумушсуздар: 391 адам (жумушсуздуктун деңгээли 1,12%)
- Жумуш менен камсыз болуу деңгээли: 67,1% (23,4 миң адам)
- Медициналык мекемелер: 14 (ооруканалар – 1, ФАП – 8, ҮДТ – 5, тез жардам бөлүмү – 1)
- Билим берүү: мектепке чейинки – 12, мектептер – 24, лицей – 1
- Маданият: маданият үйлөрү – 2, китепканалар – 2, музей – 1
- Спорт: стадион – 1, спорт залдар – 2, кичи футбол аянтчалары – 12
Айыл чарба
- Дүң продукция: 2 610 771 млн сом
- Мал чарба: 980 222 млн сом
- Өсүмдүк чарба: 1 548 852 млн сом
- Малдын саны: бодо мал – 14 860 баш, кой-эчки – 55 207, жылкы – 1 235, канаттуулар – 48 754
- Жаныбарлардан өндүрүлгөн азыктар: эт – 2 392 т, сүт – 14 542,8 т, жумуртка – 3 198 миң даана, жүн – 112,2 т
Өнөр жай
- Өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү: 247 416,6 млн сом
- Кен казып алуу: 61 854,1 млн сом
- Кайра иштетүү өнөр жайы: 185 556,5 млн сом
- Иштеп жаткан өнөр жай ишканалары: 31 (анын ичинде өндүрүш – 18, тоо-кен – 3)
Инфраструктура
- Жергиликтүү маанидеги жолдор: 213 км (асфальтталган – 46 км)
- Ичүүчү суу менен камсыздоо деңгээли: 95%
- Жарыктандыруу: көчөлөрдүн 50%
- Оптикалык интернет менен камсыз болгон айылдар: 31