...

Барпы муниципалдык ишканасы

2024-жылдын май айынан тартып ишмердүүлүк жүргүзөт. Төмөндө кызматтар, тарифтер, техника жана максаттар.
Акыркы жаңыртуу:

Негизги кызмат көрсөтүүлөр

1) Тазалык кызматы
  • Ар бир түтүнгө айына 150 сом.
  • Айрым айылдарда тургундардын каалоосу боюнча таштанды бир мешокко 30 сом.
  • Ири көлөмдөгү таштанды: 1 м3 = 471 сом.
2) Таза суу кызматы
  • Ар бир түтүнгө айына 200 сом (фикстүү тариф).
  • Счетчик менен: 1 м3 = 21,48 сом.
3) Жайыт кызматы
Жайыт пайдалануучуларга тиешелүү кызмат көрсөтүүлөр жүргүзүлөт (жайыт билет/маршрут/көзөмөл).

Тарифтик калькулятор

Тарифтердин кыскача таблицасы

Тазалык (айына)150 сом/түтүн
Таштанды мешок30 сом/мешок
Ири таштанды471 сом/м³
Таза суу (айына)200 сом/түтүн
Суу (счетчик)21,48 сом/м³

Көп берилүүчү суроолор

Мешок менен жыйноо бардык айылдарга барбы?
Айрым айылдар тургундардын каалоосу менен мешок ыкмасы колдонулат. Сураныч, айыл башчыңыздан тактаңыз.
Ири таштандыга эмне кирет?
Курулуш калдыктары, эски эмеректер, бак-дарактан чыккан ири калдыктар ж.б. м³ менен бааланат.
Счетчик коюлса, айлык 200 сом алынбайбы?
Счетчик бар үйлөрдө эсеп чындыгында колдонгон көлөм боюнча жүргүзүлөт (21,48 сом/м³).

Ишкананын техникасы

Мусоровоз автоунаа — 2 даана
Трактор-погрузчик — 2 даана
«Беларус» трактор — 4 даана
Грейдер трактор — 1 даана

Кызмат көрсөтүү аймактары

Турмуштук таштандыларды чогултуу жана суу менен камсыздоо — айыл өкмөтүнүн калктуу конуштары боюнча график менен аткарылат.

  • Тазалык багыты: борбордук көчөлөр жана турак жай тилкелери;
  • Суу багыты: борбордук магистралдар жана ички тармак;
  • Жайыт багыты: жайыт пайдалануучулар бирикмелери аркылуу.

Максаттар жана милдеттер

  • Айыл тургундарын таза суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу;
  • Аймактагы тазалык жана санитардык коопсуздукту камсыз кылуу;
  • Жайыт ресурстарын натыйжалуу пайдалануу жана коргоо;
  • Ачык тарифтик саясат жана сапат боюнча коомдук отчеттуулук.
Scroll to Top
Seraphinite AcceleratorBannerText_Seraphinite Accelerator
Turns on site high speed to be attractive for people and search engines.