...

Барпы айыл өкмөтүнүн башчысы жолдорду асфальттоо иштери менен таанышты

Бүгүн, Барпы айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Ислам Тиленбаевич Маматсабиров дем берүүчү үлүштүк гранттын эсебинен каржыланып жаткан жолдорду асфальттоо иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышып чыкты.

Иш сапардын жүрүшүндө башчы подряддык уюмдун өкүлдөрү менен жолугушуп, иштердин сапаты жана мөөнөтүндө бүтүрүлүшү боюнча өз талаптарын койду. Ал жол инфраструктурасын жакшыртуу аймактын өнүгүүсүндө негизги ролду ойной турганын белгилеп, тургундардын күнүмдүк жашоосуна ыңгайлуулук жаратарын белгиледи.

Маматсабиров Ислам жолдордун сапаты – коопсуздуктун, экономикалык өнүгүүнүн жана айылдардын биримдик менен байланышып турушунун башкы шарты экендигин баса белгилеп, аткарылып жаткан иштерди жеринде көзөмөлдөөнү уланта берерин билдирди.

Айыл өкмөтүнүн маалыматы боюнча, асфальттоо иштери аяктагандан кийин аймактын бир катар айылдарында кыймыл дагы да ыңгайлуу жана коопсуз болуп, калктын социалдык-экономикалык шарттары жакшырмакчы.

Scroll to Top
Seraphinite AcceleratorBannerText_Seraphinite Accelerator
Turns on site high speed to be attractive for people and search engines.