«Төөлөс айылында 2024-жылы Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фондунун колдоосу менен жаңы балдар бакчасынын курулуш иштери башталды. Жалпы сметалык баасы — 21 794,458 миң сом. Конкурстун жыйынтыгы боюнча “Байэл” ЖЧКсы менен 19 933,968 миң сомго келишим түзүлдү. Каржылоо булагы: Облустук өнүктүрүү фондунун салымы — 18 240,968 миң сом, өздүк салым — 1 090,0 миң сом.»