2025-жылдын 10-июнунда Түрк-Абад айылында “Алтын-Балалык” бала бакчасынын имаратынын расмий ачылышы болуп өттү. Бала бакча мурдагы эски мектеп имаратынын базасында капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, заманбап шарттарда иштей баштады.
Бул маанилүү социалдык долбоор Барпы айыл өкмөтүнүн демилгеси менен Жалал-Абад облустук өнүктүрүү жана Сузак райондук өнүктүрүү фондуларынын колдоосу аркылуу ишке ашырылды. Долбоордун жалпы сметалык баасы 9 млн 75 миң 533 сомду түзүп, анын ичинен 3 млн 75 миң 533 сому жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн.
Капиталдык ремонт иштери 2025-жылдын февраль айында башталып, май айында толугу менен аяктады. Жаңыртылган бала бакча 75 балага ылайыкталган жана айылдагы кичинекейлер үчүн коопсуз, ыңгайлуу билим берүү жана тарбия шарттарын камсыздайт.
Мурдагы мектеп имаратынын жаңы максатта пайдаланылышы – бул айылдагы ресурстарды натыйжалуу колдонуу жана социалдык муктаждыктарга жооп берүү жолундагы ийгиликтүү кадам болуп саналат.