Бүгүн, 17-май күнү Барпы айыл аймагында жалпы ишембилик өткөрүлдү. Ишембиликке айыл өкмөт башчысы Ислам Маматсабиров жетектеген Барпы айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлери жана айыл башчылар активдүү катышышты. Иш-чаранын жүрүшүндө Ош–Бишкек жолу жана ички көчөлөр толугу менен тазаланды.
Ошондой эле өкмөт башчы Жар-Кыштак айылындагы Мамасидиков көчөсүндө жергиликтүү бюджет тарабынан керектелүүчү материалдар менен камсыздалып, элдин салымы аркылуу аткарылып жаткан лоток куюу жана тротуар куруу иштеринин жүрүшү менен таанышып чыкты. Ошондой эле жашылдандыруу иштерине да катышып жаткан тургундар менен жолугушту.
Ишембиликтин алкагында Жар-Кыштак жана Күмүш-Азиз айылдарында аз камсыз болгон эки үй-бүлө үчүн жергиликтүү тургундардын демилгеси менен ишке ашып жаткан турак жай курулуш иштеринен кабар алынды. Айыл өкмөтү тарабынан бул үй-бүлөлөргө жергиликтүү бюджеттен материалдык жардам көрсөтүлүп, үй-тиричилик техникасы менен камсыздоо убада кылынды.