...

Барпы айыл өкмөтүндө гуманитардык жардам таратылды

Аномалдуу ысыкка алдын алуу иш-аракеттери боюнча протоколду активдештирүү алкагында, Барпы айыл өкмөтүндө Кыргыз Республикасынын Кызыл Ай коомунун колдоосу менен аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана майыптыгы бар жарандарга гуманитардык жардам таратылды.

Иш-чаранын жүрүшүндө социалдык жактан аярлуу катмардагы жарандарга керектүү азык-түлүктөр жана күнүмдүк турмушка зарыл болгон каражаттар тапшырылды. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен Кызыл Ай коомунун кызматкерлери жардамды жеткирүүдө ар бир үй-бүлөнүн абалын эске алышып, зарыл болгон колдоону көрсөтүштү.

Айыл өкмөт башчысы белгилегендей, мындай колдоо чаралары катаал аба ырайы шартында жарандардын ден соолугун сактоого жана жашоо шарттарын жеңилдетүүгө багытталган.

Scroll to Top
Seraphinite AcceleratorBannerText_Seraphinite Accelerator
Turns on site high speed to be attractive for people and search engines.