...

Жаштардын демилгеси – үмүткө толгон жаңы үйлөр!

Барпы айыл аймагына караштуу Курук-Кол жана Кумуш-Азиз айыл тургундары ынтымак менен биригип, айыл аймактагы өтө жакыр үй-бүлөлөр үчүн үч бөлмөлүү жаңы үйлөрдү куруп беришти. Бул — жаштардын демилгеси, элдин колдоосу менен ишке ашкан зор кайрымдуулук!

🏗️ Курулуш иштерине Барпы айыл өкмөтү да чоң салым кошуп, техникалык чыгымдар маселесин чечип берди.

🧺 Үйлөрдү тапшыруу аземине Барпы айыл өкмөтүнүн башчысы Ислам Маматсабиров катышып, колдоо улантылып, Кумуш-Азиз айылындагы үй-бүлөгө кир жуучу машина, ал эми Курук-Кол айылындагы үй-бүлөгө электр плитасы белекке берилди.

Бул иш-чара жаштардын биримдигинин, боорукерлигинин жана жоопкерчилигинин үлгүсү болду. Ар бир салынган үй — үмүткө толгон жаңы башат, жаңы жашоо

Scroll to Top
Seraphinite AcceleratorBannerText_Seraphinite Accelerator
Turns on site high speed to be attractive for people and search engines.