Бүгүн Барпы айыл өкмөтүнүн башчысы Ислам Тиленбаевич Маматсабиров Сай айылында спорт залдын курулуш иштерин аягына чыгаруу боюнча жеринен таанышып чыгып, курулушту аяктоонун сапаты жана уюштурулушу боюнча тиешелүү сунуштарын берди.
Аталган спорт зал жергиликтүү бюджеттин жана Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фондунун колдоосу менен курулууда. Айыл өкмөт башчысы бул долбоор жаштарды спортко тартууда, ден соолукту чыңдоодо жана айылдагы социалдык инфраструктураны жакшыртууда чоң мааниге ээ экенин баса белгиледи.
Ошондой эле, өкмөт башчы спорт залдын курулуш иштери сапаттуу жана белгиленген мөөнөтүндө бүткөрүлүшү зарылдыгын эскертти.