...

Жер мунапысын алуу боюнча арыз берүү мөөнөтү аяктайт!

Урматтуу тургундар!

2025-жылдын 1-июлуна чейин жер мунапысын алуу боюнча арыз берүү мөөнөтү аяктайт!

Жер мунапысын пайдалануу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбаш үчүн мыйзамда белгиленген мөөнөт ичинде арызыңызды сөзсүз тапшырыңыз!

Комиссиялар күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда!

Арыздарды өз убагында кабыл алуу максатында Барпы айыл өкмөтүнүн жер мунапысын кароо боюнча комиссиялары төмөнкү дем алыш күндөрү да иштейт:

📆 21-июнь (ишемби), 22-июнь (жекшемби)
📆 28-июнь (ишемби), 29-июнь (жекшемби)

🕘 Иш убактысы: 09:00 — 17:00

📍 Арыз берүү үчүн өздүк документтериңиз жана жер участогуна тиешелүү материалдар менен айыл өкмөтүнө кайрылыңыз.

Scroll to Top
Seraphinite AcceleratorBannerText_Seraphinite Accelerator
Turns on site high speed to be attractive for people and search engines.