Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, 2025-жылдын 1-июлунан тарта бардык транспорт каражаттарынын ээлери жарандык-укуктук жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруу (ОСАГО) полисин алууга милдеттүү!
📌 1-июлдан кийин камсыздандыруу полиси жок унаа ээлерине мыйзам чегинде айып пул салынат!
🔹 Эмнеге ОСАГО керек?
✔ Жол кырсыгы учурунда үчүнчү жактарга келтирилген зыянды камсыздайт
✔ Финансылык жүктү жеңилдетет
✔ Жоопкерчиликти мыйзам чегинде жөнгө салат
⏳ Камсыздандыруу полисин 1-июлга чейин алууңузду эскертебиз!
📄 Полисти камсыздандыруу компанияларынан же онлайн платформалар аркылуу ала аласыз.
Жоопкерчиликтүү болуңуз — мыйзам бузбоого чакырабыз!
📍 Кошумча маалымат алуу үчүн Барпы айыл өкмөтүнө же тиешелүү мамлекеттик органдарга кайрылыңыз.