8-март күнү Аялдардын эл аралык майрамына карата

8-март күнү Аялдардын эл аралык майрамына карата

Барпы айыл өкмөтүндө 2019-жылдын 8-март күнү Аялдардын эл аралык майрамына карата Баатыр энелерди куттуктоо максатында иш-чара өткөрүлдү. Иш-чарага Барпы айыл өкмөтүндө 350 Баатыр энеге ак дастаркон үстүндө сыйлуу тамак, майрамдык ыр күүлөр тартууланып жана ак жолук менен сыйланды. Ошону менен бирге Барпы айыл өкмөт башчысы: А.Сыргабаев Барпы айылындагы 10 баатыр энеге балдарды мыкты тарбиялап өстүргөндүгү үчүн ардак баракчасы тапшырылды. Иш-чарагаайылдык кеңештин депутаттары, Аксакалдар кеңеши да өз куттуктоолору менен келишти. Жыйынтыгы чакырылган баатыр энелер ак батасын беришти.