Барпы айыл аймагында 2018-жыл ичинде аткарылган иштер боюнча маалымат.

Барпы айыл аймагында 2018-жыл ичинде аткарылган иштер боюнча маалымат.
Айыл туругундарынын жашоо деңгээлин жакшыртуу максатында, айыл чарбасын өнүктүрүүгө аймактагы жерлерди айрыкча сугат жерди натыйжалуу пайдаланууга чоң көңүл бөлүндү. Аймакта бардыгы болуп 17031 га жер бар, анын ичинен сугат жер 2141 га, кайракы айдоо жер – 1067 га, бак – 58 га, чөп-орок - 692 га аянттарды түзөт.
Айыл чарбасын өнүктүрүүдө айыл окмоту айыл чарба кооперативдерин ишмердиги, алардын иштеринин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча иштер бир топ күчөтүлгөн. Натыйжада 2018-жыл ичинде айыл чарбасында төмөнкүдөй көрсөткүчтөр жаралды.
5853га буудай эгилип, 31,5 центнерден тушум жыйналган. 756 га жаздык арпа эгилип, тушумдуулук орто эсеп менен 24,3 ц алынды. жалпы 1339 га кыландуу дан эгиндери эгилип, орулуп жыйналды. 1356 га жугор эгилип, тушумдуулук орто эсеп менен 62,5 ц жыйналды. 32 га картошка эгилип, алынган тушум 470 тн тузду. 214 га жашылча эгилип, 5648 тн тушум жыйналган. 59 га май осумдугу эгилип, 11,41 ц тушум жыйналды. 10 га бахча осумдугу эгилген. куруч 60 га жерге эгилип, орточо тушумдуулук 1 га жерге 40,8 центнерден жыйналды. 230 га жерге пахта осумдугу эгилип, тушумдуулук орто эсеп менен 33,6 ц жыйналды. 285 га коп жылдык чоп эгилип, оруп-жыйналды.
Мал чарба продукциясын ондуруу боюнча 2018-жыл ичинде 1344 тн эт ондурулуп, 2017-жылга салыштырмалуу 100,5% ондурулду. Сут 7824 тн ондурулуп, 2017-жылга салыштырмалуу 100%га аткарылды. Жумуртка 1595 мин даана ондурулуп, откон жылга салыштырмалуу 100,9%га аткарылды.
Жергиликтуу бюджеттин кирешеси боюнча
2018-жылдын 12 айына жалпысынан бюджеттин кирешелери атайын каражаттар менен 31006,8 мин сомго план бекитилип, анын ичинен жергиликтуу кирешелер 18386,4 мин сомго, тендоо гранты 12620,4 мин сомго бекитип, аталган мезгил ичинде аткарылган план 33918,8 мин сомду тузуп, анын ичинен жергиликтуу бюджеттин кирешелери 19190,5 мин сомго жана республикалык бюджеттен берилуучу трансферттер 14728,3 мин сомго такталган.
Тактап айтканда, киреше салыгы (50%) 4132,3 мин сом тушуп, план 103%га, бирдиктуу салыктан 48,4 мин сом жыйналып, план 138,3%га, милдеттуу патенттен 30,8 мин сом жыйналып, план 100%га, ыктыярдуу патенттен 1366,3 мин сом жыйналып, план 109%га, кыймылсыз мулк салыгынан 232,3 мин сом жыйналып, план 136,6%га, автотранспорт салыгы 2339,7 мин сом жыйналып, план 133,7%га, там арка салыгы 376,8 мин сом жыйналып, план 107,4%га, айыл чарба багытындагы жер салыгынан 986,0 мин сом жыйналып, план 105%га, айыл чарба эмес багытындагы жер салыгынан 483,3 мин сом жыйналып план 109%га, сатуудан алынуучу салыктан (50%) 1205,2 мин сом жыйналып, план 83,1%га, роялтиден 994,7 мин сом жыйналып, план 110,5%га аткарылган.
Салык эмес кирешелерден:
Пайдалуу кендер чыккан жерлерди же казып алганы боюнча тогумдон 614,8 мин сом тушуп, 85,6%га, калктуу конуштардын жер ижарасы учун акыга 167,5 мин сом тушуп, план 155,1%га, кайра болуштуруу фондунун жерлеринин ижара акысынан 3293,2 мин сом жыйналып, план 106,9%га, жайыт пайдалануучулар бирикмеси аркылуу жайыт акыдан 1333,4 мин сом жыйналып, план 100,2%га, бала бакчага барган балдардын тамак ашы учун ата-энелерден атайын каражат 2560,0 мин сом жыйналып, 100%га, айыл чарбасына жараксыз жерлерди сатуудан 217,6 мин сом тушкон.
2017-жылда жергиликтуу бюджет 15887,4 мин сомго бекитилип, 18712,2 мин сом жыйналса, 2018-жылга жергиликтуу бюджет 18386,4 мин сом бекитилип, 12 айда 20513,4 мин сом жыйналып, 2017-жылга салыштырмалуу 4 млн 626 мин сомго коп жыйналган.