КУЛАКТАНДЫРУУ

КУЛАКТАНДЫРУУ


Урматтуу Барпы айыл аймагынын жашоочулары, "Санарип аймак" АМТ (автоматтык маалыматтык тутумуна) каттоо жүргүзүлүп жатат, андыктан сиздер өз кожолугуңуздардагы каттоого турбаган үй-бүлө мүчөлөрүнүн өздүгүн тастыктаган документтерин (паспорт, балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн) айыл өкмөттүн адистерине алып келип каттоодон өткөрүп коюнуздар.

 Ошондо гана сиздер жашагандгы тууралуу аныктама (справка) алганыңыздарда толук үй-бүлө мүчөлөрү көрсөтүлүп убакытты үнөмдөп аз убакыттын ичинде алууга шарт түзүлөт.Андыктан 16-октябрдан тартып каттоодон өтүп текшерилип кетсеңиздер болот.