"Өткөндөр даңкталмайынча-тирүүлөр баркталбайт"

"Өткөндөр даңкталмайынча-тирүүлөр баркталбайт"

Жалал-Абадда акын жана котормочу Түмөнбай Байзаковдун 100 жылдыгы белгиленип, эстелиги ачылды 


 23-сентябрь күнү, Жалал-Абад шаарында КРнын “Эмгек баатыры” артыкчылык даражасынын ээси, маданиятка эмгек сиңирген ишмер, акын жана котормочу Түмөнбай Байзаковдун 100 жылдык мааракеси белгиленди. Анда  Жалал-Абад шаарынын Спутник аймактык башкармалыгында ысымы ыйгарылган Т. Байзаков эс алуу багында акынды эстелиги ачылды.


Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүнорун басары Эркинбек Маматаев, Маданият министринин орун басары Айнура Аскарова, Жогорку Кеңештин депутаттары, маданият ишмерлери жергиликтүү бийлик жана маркум Түмөнбай Байзаковдун жакындары катышты.


Ошондой эле илимий конференцияда Барпы айыл өкмөтүнүн башчысы Сайитбеков Нурлан Авийевич сөз сүйлөп, кыргыз элинин маданият тармагынын өнүгүүсүнө бараандуу сөз чебери Түмөнбай Байзаковдун өмүр жолу, чыгармачылыктагы өзгөчөлүктөрүнө токтолду.Күндүзгү иш-чаралардын аягы асман астында чоң концерт менен уланды. Т.Байзаковдун сөзүнө жазылган обондуу ырлар эл, жер жөнүндө чыгармалар жаңырды.