Советтик Аскерлердин Ооганстандан чыгарылгандыгынын 30 жылдыгы салтанаттуу маанайда белгиленди.

Советтик Аскерлердин Ооганстандан чыгарылгандыгынын 30 жылдыгы салтанаттуу маанайда белгиленди.

Бүгүн 13-февралда Жалал-Абад областына караштуу Сузак районун Барпы айыл өкмөтүндө Советтик Аскерлердин Ооганстандан чыгарылгандыгынын 30 жылдыгы салтанаттуу маанайда белгиленди. Барпы айыл өкмөтүндө Жоокер-афганчылардын эрдиги, каармандыгы, жана тайманбастыгы,  Мекендин азыркы муундагы коргоочуларына элге берилип кызмат кылуунун, өз милдетине жана аскердик антка бекемдигинин үлгүсү катары эске алынып,  иш-чаралар уюштурулду. Иш чарага Барпы айыл окмотунун резервдик фондусунан жалпысынан 100 000 сом акча болунду, анын ичинен Бишкек шаарында өтүүчү салтанатка 10 000 сом, Сузак районунда өтүүчү салтанатка 26 000 сом, ал эми калган сумма, 26 Ооган согушунун ардагерлерине акчалай сыйлык жана белектер ыйгарылды.