Төөлөс айылы 40 орундуу бала бакча

Барпы айыл өкмөтү 2023-жылы Жалал-Абад жана Сузак райондук өнүктүрүү фонддоруна бир канча долбоорлор сунушталып, колдоого алынган. Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фонду тарабынан Төөлөс айылына муниципалдык менчиктеги 40 орундуу бала бакча куруу долбоору колдоого алынган. Долбоордун сметалык баасы 21 794 458сом. Облустук өнүктүрүү фондунан суралган сумма 20 704 458 сом, өздүк салым 1 089 723 сом. Учурда тендер жарыяланып, курулуш иштери башталган.